Жамал Сейдакматованын мээримдүү көздөрү 70 жашка чыкса да нурун жоготпогонуна таң калдым. Бул талыкпай эмгектенүү менен иштен ырахат алуунун белгиси болсо керек. Өмүрүн театрга арнаган Жамал эжебиз ушул 70 жаш курагында да бекер отурган жок. Өнөрүн кийинкилерге үйрөтүүнү көздөп, шакирт таптап жаткан учуру.
«Саякбай атанын алдында отуруп чоңойгом»
–Балалыгым Ысык-Көл кылаасындагы Темир айылында өттү. Атам беш аял алып, анын биринин да согончогу канабай, балага зар болуп жүргөн экен. Менин апам Ажар Каракол театрында актриса болуп иштептир. Гастролдоп айылга келип калса, атам апамды жактырып калып, дароо үйлөнөт. Атамдын көптөн күткөн перзенти болгондуктан, мени аябай эркелетип чоңойтушту. Үйгө чыгармачыл адамдар көп келер эле. Кадимки манасчы Саякбай атанын алдында отуруп эркелеп да калдым. Ошонун бардыгы менин талантыма таасир берди окшойт. Кийин атам мени жакшы билим алсын деп, баш калаадагы №5 мектеп-интернатына алып келип киргизди.
Чындыгында эле тырышчаак элем. Мектепти жалаң “5” менен бүтүп, үйдөгүлөрдүн сунушу боюнча Москвадагы инженер-технологдун окуусуна өттүм. Бирок көкүрөгүмдөгү чыгармачылыкка болгон от өчө койбоду. Акчам болсо эле Москвадагы театрларга бара берчүмүн. Кээде актрисалык менин кыялым болуп эле калабы деп ыйлап алар элем. Бир күнү чогуу жашаган орус кыз: “Сен, Жамал, бекер эле убактыңды коротуп жатасың. Театрыңа кет”,- деди. Анын сөзүнөн кийин ооруп жатам деген шылтоо менен 1-курста эле кайра Кыргызстанга келдим. Келерим менен театрга кирип, ошол эле жылы “Алыскы тоолордо” деген фильмге тартылдым. Ошентип, менин чыгармачылык чыйырым башталды.
«Өмүрлүк жар...»
«Менин курмандыгым...»
–Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримимдин жарымын ролдорума арнадым көрүнөт. Менин курмандыгым үй-бүлөм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай көңүл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди өтөбөгөнүмдү байкап, өзүмдү күнөөлүү сезем. Мен да элдин аялдарындай болуп үйгө киши чакырып, кечинде тамак жасап, балдарымды, күйөөмдү күтүп отурсам болот эле. Бирок кесибим менден башка нерсени талап кылган. Жашоомдогу эң оор жоготуум, төрөлбөй калган балам болду. Жаштыктанбы же байкабастыктанбы, көп нерсени көңүлгө албай, ичимди таңып алып иштей берчүмүн. Ошондо бир нерсе болгонбу, ичимдеги бала өлүү түштү. Гастролдоп жүрүп да бир ысыкта, бирде суукта калып жүрүп, ден соолугум жабыркады.
Өмүр бою маянадан-маяна күтүп жашадык. Ошентсе да эч кейичү эмесмин. Актрисалык башыңды айланта турган куду баңгизаттай азгырык окшойт. Жиниңди, арманыңды, сүйүүңдү, мээримиңди, эмоцияңдын баарын сахнада төгүп бересиң. Сахнада миңдеген көздөрдүн алдында турган учурдагы ырахатты, бакытты эч нерсе менен теңештире албайм.
«Мүнөзүм...»
–Өтө жумшакмын. Таптакыр ушуга чейин үнүмдү катуу чыгарып бирөө менен урушкум келбейт. Ишенчээкмин. Бирок чыгармачылыкка келгенде өтө көкмүн. Алдыма койгон максатыма жетүү үчүн эч нерседен кайра тартпайм. Сабира Күмүшалиева мени: “Бул “синий”, (көк дегени) максатына жетпей тынбайт”,- деп күлүп калчу. Эгерде мен көк болбосом, “Туңгуч” театрын азыркы деңгээлге жеткире албас элем. Бирок аял катары өтө жумшакмын. «Азоого чалма» деген спектаклде Катарина аттуу кыздын ролун ойногом. Эч кимди жактырбаган Катаринаны бир карапайым эле жигит ушунчалык баш ийдирип алат. Мага да күйөөм байкатпай чалма салып алды көрүнөт.
«Ушакка мамилем...»
–Ушакка ууланган учурларым көп болду. Айрымдар тим эле жанымда тургандай, калп-чынын териштирбей айтканына таң калам. “Таттыбүбүгө Жамал бут тоскон” деген да сөздөрдү ушуга чейин айтып келишти. А бирок билген адамга мен дагы курмандык болгом. Анткени менин театрда жакшы салмагым бар болчу. Таттыбүбүнүн түбүнө жеткендер бир ок менен эки коёнду атып, мени кошо жаманатты кылууну көздөшкөн. Чындыгында, Таттыбүбү менен кошо жүрмөк тургай, күйөөм мени ашыкча кадам бастырчу эмес. Анын чөйрөсү таптакыр башка, меники башка эле да. Анан кантип мен аны бузганга жетишем?! Ушундай сөздөрдөн тажап, мен бир учурда театрдан да кеткенге мажбур болгом. Таттыбүбү тууралуу айтсам, ал сулуулугунун, ишенчээктигинин курмандыгы болду.
Учурда
Каалагандар төмөнкү
телефондорго байланышса болот:
(0312) 61 36 39
(0773) 93 81 31
Аткарган ролдору
Кинодо:
ТЕАТРДА:
Сыйлыктары:
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg